
Кинематография өкүлдөрүнө эскертүү: диний мазмундагы материалдар милдеттүү экспертизадан өтүшү керек
30.07.2025
Бишкекте Татарстан кино күндөрү болуп өттү.
11.08.2025Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун уюштуруусу менен 2025-жылдын 8–10-август күндөрү Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоого багытталган маанилүү маданий долбоор болуп саналат. Кино күндөрүнүн алкагында Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна заманбап татар тасмалары сунушталып, көрүүчүлөр Татарстан элинин турмушу, каада-салты, ички дүйнөсү жана чыгармачылык потенциалы менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 8-августта саат 18:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Ачылыш аземине расмий өкүлдөрдүн, маданият ишмерлеринин, журналисттердин жана кино сүйүүчүлөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Кино күндөрүнүн программасы:
- 8-август – “Немая кукушка”, режиссёру: Рауф Кубаев
Бул тасма — өзгөчө стили жана терең символизмге бай сюжети менен айырмаланат. Адамдын ички дүйнөсүн, тагдыр чечээр учурлардагы тандоосун чагылдырган психологиялык драма. - 9-август – “Гора влюблённых”, режиссёру: Салават Юзеев
Романтикалык сюжетке негизделген, табият менен адамдын ортосундагы байланыш, сүйүү менен үмүт тууралуу лирикалык тасма. Фильм көрүүчүнүн жүрөгүнө жол таба турган терең философиялык мазмунга ээ. - 10-август – “Я приду”, режиссёру: Булат Сабитов
Бул тасма — үй-бүлөлүк баалуулуктар, кечиримдүүлүк жана өз жолуңду табуу жөнүндө. Адам тагдырын өзгөртө турган учурлар тууралуу ойлондурат.
Бардык кинопоказдар Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Тасмалардын башталышы — саат 18:00дө.
Кино көрсөтүүлөрдүн бардыгына кирүү акысыз. Бул — бардык каалоочулар үчүн ачык жана жеткиликтүү маданий диалог аянтчасы.



В Бишкеке пройдут Дни кино Республики
Татарстан
С 8 по 10 августа 2025 года в Бишкеке состоятся Дни кино Республики Татарстан — культурное мероприятие, направленное на укрепление дружественных связей между Кыргызской Республикой и Республикой Татарстан в области кинематографии и культуры в целом.
Инициатива реализуется при поддержке Департамента кинематографии Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики и Государственного учреждения “Государственный киноцентр Кыргызтасмасы”.
Основной целью проведения Дней кино является развитие культурного обмена, популяризация современных татарстанских фильмов и создание творческого диалога между кинематографистами двух республик.
Программа кинопоказов:
- 8 августа — художественный фильм «Немая кукушка», режиссёр Рауф Кубаев
Психологическая драма о человеческой судьбе, молчании и выборе. Сюжет разворачивается на фоне острых жизненных обстоятельств и поднимает важные экзистенциальные темы. - 9 августа — художественный фильм «Гора влюблённых», режиссёр Салават Юзеев
Лирическая история о любви, надежде и связи человека с природой. Фильм наполнен философскими размышлениями о времени, чувствах и поиске своего пути. - 10 августа — художественный фильм «Я приду», режиссёр Булат Сабитов
Теплая и пронзительная картина о семейных ценностях, прощении и возвращении к корням. Это история о том, как важно быть услышанным и принятым.
📍 Место проведения: кинотеатр «Ала-Тоо», г. Бишкек
🕕 Начало всех показов: в 18:00
Торжественное открытие Дней кино состоится 8 августа в 18:00 в кинотеатре «Ала-Тоо».
Вход на все мероприятия свободный.
Подробнее: +996502800928 Бек