
INNOCET
23.07.2025
Татарстан Республикасынын кино күндөрү Бишкек шаарында өтөт
04.08.20252025-жылдын башынан тарта Кыргызстанда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салган жаңы мыйзамдар күчүнө кирди. Бул талаптар эми кинематография тармагына да тиешелүү болуп калды.
2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Аталган мыйзамдын алкагында, 2025-жылдын 27-июнунда Министрлер Кабинети тарабынан №372 токтом менен “Диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби” бекитилди.
Бул Тартипке ылайык, диний мазмундагы бардык материалдар – китептер, журналдар, тасмалар, клиптер, анимациялар жана башка аудиовизуалдык чыгармалар — мамлекеттик дин таануу экспертизасынан өтүшү милдеттүү болуп калды.
Айрыкча коомчулуктун аң-сезимине терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон темаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Мисалы, жин, шайтан, албарсты, бакшылык сыяктуу образдарды камтыган чыгармалар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке алдын ала экспертизага жөнөтүлүшү керек.
Бул жаӊы эрежелер чыгармачылык эркиндикти чектөөгө эмес, тескерисинче, диний жана этностук жарашуу, коомдук туруктуулук жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган.
“Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борбору кино тармагындагы бардык чыгармачыл командаларга кайрылып, диний темадагы долбоорлорду тартууда мыйзам талаптарын эске алууга жана алдын ала макулдашуу жол-жобосун сактоого чакырат.