
Баку шаарында өтүп жаткан Orient Countries Cinema Market киномаркетинде кыргыз фильмдеринин стенди ачылды.
08.12.2025
Captive
16.03.20262026-жылдын 4-февралында «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору мамлекеттик мекемеси 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү.
Иш-чараны Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана Кыргызтасмасынын директору Алмаз Тулекеев расмий ачып, кино тармагы үчүн өткөн жылдын мааниси, жетишкен ийгиликтер жана алдыдагы максаттар тууралуу сөз сүйлөдү. Жыйынга киножаратуучулар, режиссёрлор, продюсерлер катышты. Жыл жыйынтыгынын алкагында 2025-жылы аткарылган иштер талкууланып, улуттук кинонун өнүгүшүнө салым кошкон бир катар киножаратуучуларга атайын номинациялар ыйгарылып, ыраазычылык каттар тапшырылды.
Бул иш-чара жаратуучулардын башын бириктирип, тажрыйба алмашууга, чыгармачыл байланыштарды бекемдөөгө жана келечектеги долбоорлорго дем берүүгө өбөлгө түздү.
“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору мамлекеттик мекемесинин чечиминин негизинде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү номинацияларды камтыган жеңүүчүлөр белгиленди.
Жылдын мыкты дебюту
“Акыркы дем”, “Апаңды бийге чакыр”
Мыкты кинотеатр
“Синематика” ЖЧК
Мыкты чет элдик дистрибьютор
“Интерфильм дистрибьюшн” ЖЧК , ТОО “Аскар Синема”
Мыкты айым продюсер
Эрке Джумакматова, Алтынай Койчуманова, Сүйүм Сулайманова
Көп тасма жараткан студия
“Бард Компани” ЖЧК, “ССПРО Продакшн” ЖЧК
Кассалык ийгиликке жеткен тасма
“Кудай сактасын”, “Напарниктер 3”, «Битир”




