
Кыргыз тасмалары Москвадагы «Бриллиантовая бабочка» Евразия кино сыйлыгынын программасына кирди.
19.11.2025
Государственный киноцентр «Кыргызтасмасы» открыл стенд в Международном рынке телевизионного и цифрового контента в Москве
27.11.2025Индиянын Гоа штатында 20-24-ноябрь күндөрү өтүп жаткан Waves Film Bazaar эл аралык киномаркетине Кыргызстан да активдүү катышууда. Киномаркетте «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору мамлекеттик мекемеси өзүнүн атайын стендин ачып, улуттук кинематографияны таанытууда.
Киноборбордун директору Тулекеев Алмаз Токтогазыевич чет өлкөлүк продюсерлер, дистрибьюторлор жана киноиндустрия өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүүдө. Аталган киномаркетке катышуунун негизги максаты кыргыз киносун эл аралык рынокко чыгаруу, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү жана өлкөнүн киносферасын дүйнөгө таанытуу болуп саналат.



